Бишкекте айрым автобус жана кичи автобустардын кыймылы убактылуу өзгөрөт
RU

Бишкекте айрым автобус жана кичи автобустардын кыймылы убактылуу өзгөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-июлдан 5-августка чейин өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу айрым автобус жана кичи автобустардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришет.

Маалым болгондой, Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин бөлүгүндө жер иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү:

  • №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейин жана андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
  • №48 автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
  • №131 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча каттайт.
  • №121 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча жүрөт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13576