"Бул демократияга жатпайт": Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышына Ловровдун реакциясы
RU

"Бул демократияга жатпайт": Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышына Ловровдун реакциясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койгону белгилүү болду. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде кыргыз тили колдонулат.

Эми биргелешкен, чет элдик уюмдардын аттары мамлекеттик тилге транслитерация менен жазылышы керек. Телерадио уюмдары, анын ичинде жеке уюмдар өздөрүнүн берүүлөрүнүн 60%дан кем эмесин мамлекеттик тилде көрсөтүшү зарыл.

Кошумчалай кетсек, документке ылайык, бардык мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде депутаттар, Улуттук банктын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, судьялар, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, менчиктин бардык түрүндөгү окуу жайлардын кызматкерлери жана медицина кызматкерлери мамлекеттик тилди билүүгө жана өз милдеттерин аткарууда аны колдонууга милдеттүү.

Маалым болгондой, 19-июлда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жогорудагы мыйзамдын кабыл алынышына реакция жасаган.

"Мындан бир нече ай мурун Кыргызстанда мыйзам кабыл алынган, бул идея жаңы чыкканда биз кыргыз досторубузга бул толук демократияга жатпайт экенин эскерткенбиз, мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө жана ал тилде иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам.

Мамлекеттик медициналык мекемелердин мугалимдери да, дарыгерлери да мамлекеттик кызматкерлердин категориясына киргизилген. Биз бул багытта иштей беребиз. Биз бир нече жолу эскертүү бердик. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили болуп калганы менен бирок башка линия басымдуулук кылды", - деди ал россиялык коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери менен жолугушууда.

Азырынча кыргыз бийлик өкүлдөрүнүн эч кимиси Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын билдирүүсүнө реакция кыла элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13579