Жогорку Кеңеште вице-спикер Аида Касымалиеваны кетирүү үчүн кол топтолууда
RU

Жогорку Кеңеште вице-спикер Аида Касымалиеваны кетирүү үчүн кол топтолууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште вице-спикер Аида Касымалиеванын отставкасы үчүн кол топтолууда. Бул тууралуу Kaktus.media'га парламенттин депутаттары маалымдашты.

Касымалиеванын ордуна социалдык комитеттин жетекчиси Гүлкан Молдобекова көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду. Ал эми анын ордуна Асель Кодуранованын кандидатурасы сунушталууда.

Вице-спикерди кызматынан кетирүүнун негизги себеби, анын референдумду колдоодон баш тарткандыгы болушу мүмкүн.

"Ушул же кийинки жумада КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, анда вице-спикердин кызматынан Касымалиеваны чакыртуу маселеси каралат", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/135