Муниципалдык ишканалар үчүн 70тен ашык атайын техника алынды
RU

Муниципалдык ишканалар үчүн 70тен ашык атайын техника алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн атайын техникаларды жана жабдууларды сатып алды. Борбор калаа башкармалыгынан кабарлашкандай, жалпы 76 техника алынган.

Атайын техникаларды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Борбор калаага жалпысынан 76 атайын техника алып келинсе, анын 61и техника, 16сы жабдуу. Мындан тышкары "Бишкексуучарба" ишканасына дагы бир атайын техника келүүсү күтүлүүдө.

Атайын техникалар "Бишкекжашылчарба", "Бишкексуучарба", "Бишкекжарык", "Бишкекшаарлифт", "Бишкекасфальтсервис", "Тазалык", ошондой эле "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканаларына алынды.

Жаңы техникалардын арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсиниратор жана башкалар бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13604