Токмокто эки бөлмөлүү батирге 252 адам пропискага тургузулган
RU

Токмокто эки бөлмөлүү батирге 252 адам пропискага тургузулган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо учурунда мыйзам бузууларга көзөмөл жүргузгөн tandoo.info порталына Токмок шаарынын тургундары кайрылып, өткөн шайлоодо 3 миң шайлоочу мыйзамсыз катталгандыгын билдиришкен. Бул тууралуу Kaktus.media'га басылманын жетекчиси Атыр Абдрахматова айтып берди.

Анын айтымында, арыз жазгандар (Калмурзаева А., Жолдошева А.) Токмок шаардык кеңешине талапкерлигин койгон айрым депутаттар шайлоо учурунда жарандарды массалык түрдө каттоого тургузушкан.

Маселен Рустам Юнусов ("Эмгек" партиясы, №19) деген талапкер өзүнүн эки бөлмөлүү батирине 252 жаранды пропискага тургузган.

"Иманалиев Мирбек ("Эмгек" партиясы, №11) деген талапкердин атасы өзүнүн батирине 25 адамды каттоого тургузуптур, мына ушундай окуялар абдан көп", - деп Атыр Абдрахматова айтып берди.

Ал ошондой эле, кайрылуу Боршайкомдун ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

"Өткөн жылы, мен БШКнын мүчөсү болуп турган кезимде, Kaktus.media жана "Азаттык" менен биргеликте Ош, Токмок жана Каракол шаарларында шайлоочулар тизмеси менен манипуляция жасоонун коррупциялык схемасын көрсөтүп бергенбиз. Андан кийин мыйзамга бир кыймылсыз мүлккө каттоого тургузуу боюнча чектөө киргизилген болчу. Башкача айтканда бир үйгө ондон ашык жаранды каттоого болбойт", - деп Атыр Абдрахматова эскертти.

Ошондо Токмоктук шаардык кеңешке добуш бергендердин 20%ы тизмеге мыйзамсыз киргизилген болуп жатат, анткени жалпысынан келген шайлоочулардын саны 15 806 жаран.

Буга чейин БШК каттоого тургандардын саны кескин жогорулай турган болсо, аны эске алып, көзөмөлдөп тураарын маалымдаган.

"Эгер бир эле дарекке ондон ашык адам катталса, бул маалымат Мамлекеттик каттоо кызматына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, укук коргоочу органдарына жөнөтүлөт. Алар бул фактыга реакция кылууга тийиш", - деайт БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Эске салсак, жергиликтүү шайлоого ошол шаарда же тиешелүү айыл аймагында жарым жылдан кем эмес каттоосу барлар гана катыша алат.

Токмок шаарындагы шайлоонун алдын ала жыйынтыкктары төмөнкүдөй:

  • "Эмгек" - 47,77%;
  • "Бирге" - 18,55%;
  • "Эл биримдиги" - 14,17%;
  • "Республика" - 11,95%.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1360