Көчөдөн кичинекей баланы тепкен деп шектелген жаран кармалды
RU

Көчөдөн кичинекей баланы тепкен деп шектелген жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жашы жете элек баланын денесине залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБси маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 20-апрель күнү Ысык-Ата РИИБсине Люксембург айылынын жашоочусу, 1992-жылы туулган Ж.А. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү, болжол менен саат 18:30 чамаларында, 2014-жылы туулган баласын аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринин алдында белгисиз бирөө денесине залал келтиргенин айтып ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББсинин жана Ысык-Ата РИИБсинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү 1994-жылы туулган М.Н. кармалган.

Учурда баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Бул окуянын видеосу мындан мурун соцтармактарга тараган. Анда чоң киши кичинекей баланы тепкенин байкоого болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1361