Документ ала албай жүргөнүн айткан жигитке Ташиев паспорт тапшырды
Документи жок жок жүргөнүн айтып кайрылуу жасаган жигитке УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз паспортун ташпырды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, Никита Гончаров КР идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун алды.
Никита жети жашында апасы ооруп, каза болуп калган. Кийинки жылдары атасынын колунда чоңоюп, зарыл болгон алгачкы документтеринин жоктугунан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун ала алган эмес. Документинин жоктугунан окууга тапшырып, армияга барууга мүмкүн болбой келген.
Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн. Майнап чыкпагандан кийин Ташиевге кайрылган.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Никитанын өздүгүн аныктоо жана архивдик материалдарды чогултуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. 26-июлда УКМКнын төрагасы Гончаров Никита Александровичке Кыргыз Республикасынын паспортун тапшырды.