Ошто 40 градус. Өлкө боюнча бир жумага карата аба ырайы
RU

Ошто 40 градус. Өлкө боюнча бир жумага карата аба ырайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайдын ысык аптабы шаар жашоочуларын капалантса, Ысык-Көлдүн абасынын температурасынын көтөрүлүшү жергиликтүү эс алуучуларды кубандырып жаткан кези. Мындай аба ырайы канчага чейин кармалат? Кыргызгидромет алдыдагы аптада аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Кыргызстанда 24-июлдан 30-июлга чейин күндүн ысыгы сакталат.

Бишкекте жума ичинде жаан-чачын болбойт. 25-июлда күн 39 градуска чейин ысыйт. 27-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетет.

Чүй

Апта ичинде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, жаан жаайт. Бирок, күндүн ысыгы 38-39 градуска чейин жетет.

Талас

24-30-июлда жаан-чачын болбойт. Абанын күндүзгү температурасы 35-37 градус болот.

Ош

24-30-июлга чейин күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 27-июлда күн 40 градуска чейин ысыйт.

Жалал-Абад, Баткен

Жума ичинде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ысык-Көл

Бул облуста дагы жума ичинде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күн 33 градуска чейин ысыйт.

Нарын

Облуста жума ичинде айрым аймактарда өткүн өтөт. Күн 35 градуска чейин ысыйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13650