Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйтүлөт
RU

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарында кыргыз тилдүү мектептердин саны көбөйөрүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаада жалпы 103 мектеп болсо, анын 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

25-июлда Билим берүү жана илим министрлигинде жыйын өтүп, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-февралында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарын, тайпаларын ачуу жөнүндө №16 сандуу буйругун чыгарган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13668