Айланма жолдо жеңил унаалар фуранын алдына кирип кетти
RU

Айланма жолдо жеңил унаалар фуранын алдына кирип кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айланма жолдо жүк ташуучу унаанын астынан жеңил унаалар кирип кеттип, кырсыктан беш адам жабыркады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн, 27-июлда саат 05:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Ысык-Ата районундагы аймакта жүк ташуучу унаа менен эки жеңил унаа кагышкан.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу артка бурулуп бараткан, ошол маалда аны эки унаа - Toyota Altezza жана Daewoo Nexia сүзгөн. Кырсыктан беш адам жабыркап, аларга дарыгерлер жардам көрсөтүштү. Окуяга күбө болгондор дагы эки жабырлануучуну Канттын ооруканасына жеткиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13670