Айсулуу Тыныбекова атактуу Poddubny Wrestling League турнирине катышат
RU

Айсулуу Тыныбекова атактуу Poddubny Wrestling League турнирине катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Поддубныйдын эл аралык күрөш лигасынын турнирине (PWL) - "PWL-5. Шериктештик кубогуна" катышат. Бул туурасында турнирдин сайтында маалымдалат.

Спорттук иш-чара 26-июлда башталган.

"29-июлда World Series - дүйнөдөгү мыкты балбандар кармашкан форматтагы беттеш болот. Кыз-келиндер күрөшүндө 62 килограмм салмак категориясында дүйнөнүн жана Европанын юниорлор арасындагы чемпиону, PWL турниринин төрт жолку жеңүүчүсү Алина Касабиева жана Токиодогу Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова беттешет", - деп айтылган билдирүүдө.

Россия чемпиондугундагы ийгилигинен кийинки маегинде Касабиева PWL-5 алкагында "Айсулуу Тыныбекова менен беттешсем" деген ниетин билдирген.

Эске салсак, Будапешттеги рейтингдик турнирдин чейрек финалында Айсулуу Тыныбекова менен PWLдин алкагында беттешкени жаткан атаандашы Алина Касабиева килем бетинде жолугуп, Алина туше менен жеңилип калган.

"Тыныбекова россиялык спортчуга жеңил кармаш тартуулабайт. Сезонду кыйынчылык менен баштаган Айсулуу Тыныбекова азыр Азиянын чемпиондугу менен рейтингдик эки турнирде жеңишке жетип, жакшы табына келип алды", - деп айтылат сайтта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13673