Мектепке компьютер өткөрүп беребиз деп акча сурашат. Алдамчылыктын жаңы түрү
RU

Мектепке компьютер өткөрүп беребиз деп акча сурашат. Алдамчылыктын жаңы түрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгисиз адамдар билим берүү мекемелеринин башчыларына телефон чалып, өздөрүн Мамлекеттик бажы кызматынын же Билим берүү министрлигинин кызматкерлери катары тааныштырып, Мамлекеттик бажы кызматында эсептен чыгарылуучу компьютердик

жабдуулар, ошондой эле билим берүү мекемелерине техникалык колдоо катары өткөрүлүп бериле турган жаңы компьютерлер бар деп билдиришет. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Мындан тышкары, компьютердик техниканын көлөмү чектелүү болгондуктан, алардан белгилүү бир сумманы шашылыш түрдө атайын эсепке которуп, андан соң Мамлекеттик бажы кызматына келип, компьютердик жабдыктарды алып кетүүнү суранышат.

Мамлекеттик бажы кызматы бардык жеке жана юридикалык жактарга мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырат жана алдамчылык фактысы аныкталса, укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайт.

Ошондой эле, Мамлекеттик бажы кызматы ар кандай мамлекеттик мүлк бир мамлекеттик органдан экинчи органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айрым процедураларды сактоо менен гана өткөрүлүп бериле тургандыгын билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1367