Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева операция болду
RU

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева операция болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 7-июлда шаардагы ооруканалардын биринде операция болду. Бул тууралуу анын сиңдиси Алтынай Алимбаева "Азатыкка" маалымдаган.

"УКМКнын абагынан кан кетип келген, ал жакта дарыгер жок экен. Салкынай мурда эле ооруп жүргөн. Тез жардам менен алып келдик. Операция 2,5 саатка созулуп, аябай оор өттү. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Азыр деле ооруканада жатат, бирок абалы орто", - деген ал.

Азырынча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен Алимбаеванын операция болгону боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин, адвокат Гуляна Убалиева Алимбаеванын абалы начарлап жатканын айтып, УКМКга аны текшерүүдөн өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган. 25-июлда райондук сот Алимбаеванын абактагы мөөнөтүн узарткан.

Салкынай Алимбаева үстүбүздөгү жылдын 25-майында УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак бергенден кийин камакка алынган. Ага "коррупция" беренеси менен айып тагылганы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13680