Президент "Иркештам" пунктун модернизациялоону 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды
RU

Президент "Иркештам" пунктун модернизациялоону 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын "Иркештам" автомобилдик өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.

Мамлекет башчыга жалпы узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатканы, ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы макулдашууга кол коюлгандан кийин 2023-жылдын май айында башталганы жөнүндө маалымат берилди.

Долбоор ошондой эле узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушун жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотууну камтыйт.

Президент ушул жылдын 1-октябрына чейин өткөрмө пункттун жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аймакты толугу менен модернизациялоо, кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана "Иркештам" пунктунун бажы инфраструктурасын шайкеш келтирүү тапшырмасын берди.

Садыр Жапаров бул максаттарга кошумча каражат бөлүнөт дейт.

"Иркештам" пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил унааларды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө пункт аркылуу эки тарапка 300дөн ашык унаага бажы операциялары жүргүзүлүп, бул чек ара аймагында унаа тыгыны жана кезек күтүүгө себеп болууда.

Модернизациялоо пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн күнүнө 1000 унаага чейин жогорулатат, ошондой эле көмүр ташыган жүк ташуучу унаалардан жолду бошотот, анткени катуу отун Кыргызстандын бажы кампасынан Кытайга ленталык конвейер аркылуу жеткириле баштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13692