Улан Ниязбеков ички иштер органдарындагы айрым жетекчилердин позициясына нааразы болду
RU

Улан Ниязбеков ички иштер органдарындагы айрым жетекчилердин позициясына нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-июлда ички иштер органдарынын 6 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйыны өттү. Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков айрым кызматкерлерди сынга алды.

"Кандай гана маселе болбосун ыкчам чечүүгө шарт түзгөн ченемдик-укуктук актыларды ишке ашырдык. Санарип технологиялык ишмердикти, күнүмдүк ишмердик менен айкалыштырып, новатордук тутумду жайылтууну улантып жатабыз. Бирок ушундай жагымдуу шарттар түзүлүп турса деле, аны жөндөп пайдалана албаган жетекчилер араңыздарда жок эмес.

Кемчиликтер ачык көрүнүп турса деле "көрмөксөн", көйгөйлөр өз кесепетин тийгизип жатса деле "билмексен" мамиле менен бир дагы жетекчиге тартиптик чара көргөн жоксуздар. Жоопкерчиликти моюнга алуудан качып, "эч кимге жаман көрүнбөйүн" деген позицияга өтүп алгансыздар. Муну ачык айтып коюшум керек.

Пара алуу, бирөөнү калкалоо, жеке кызыкчылыгы үчүн иштөө, бейбаштык, тартип бузуу, баңгизатын колдонуу жана башка бир катар чектен ашкан мыйзам бузуулар өздүк курам арасында орун алып турса деле "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деген мамиле менен жүргөндөр да бар. Мындайларга биздин арабызда орун жок", - деди министр.

ИИМдин башчысы "тилекке каршы, жер-жердеги көптөгөн кадр кызматкерлеринин өздөрүнүн тарбиялык даражасы жетишсиз" деп кошумчалады.

Өздүк курамдын ички тартибин чыңдоо боюнча Улан Ниязбеков бир катар тапшырмаларды берип. Ал белгилегендей, ички нормаларды жана эрежелерди бекем сактоо максатында "Тартиптик уставга" жаңы талаптарды киргизүү сунушталды.

"Эгерде кызматкер же анын жетекчиси жүктөлгөн милдеттерин так аткарбай, тартип жана мыйзам бузууга барса, ээлеген кызматынан бошотуунун ордуна, атайын наамы бир баскычка төмөндөтүлөт. Ага карабастан, дагы мыйзам бузуу болсо, анда ички иштер органдарынын катарынан бошотулат. Андыктан өздүк курам арасында ар түрдүү кайчы-пикирлер пайда болбош үчүн жаңы нормаларды туура жеткирип коюну тапшырам", - деди министр ички тартип жөнүндөгү кайрылуусунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13695