Көлдө баллондо жаткан эс алуучуларды толкун тартып кетти
RU

Көлдө баллондо жаткан эс алуучуларды толкун тартып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө толкун тартып кеткен эс алуучуларга куткаруучулар жардам беришти.

ӨКМнын маалыматына караганда, 28-июлда саат 15:07 чамасында Сары-Камыш айылына жакын көл жээкте матрац баллон менен сууда жаткан эки адамды катуу толкун алыска тартып кетти деген маалымат түшкөн.

Жерине Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган.

Натыйжада Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын толкун тартып кеткен тургундарын аман-эсен жээкке чыгарылды.

Куткаруучулар эс алуучуларды көлгө түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13709