Бишкекте УКМКнын кызматкери киши колдуу каза болду. Шектүү кармалды
RU

Бишкекте УКМКнын кызматкери киши колдуу каза болду. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Жал кичи районунда УКМКнын кызматкери өз батиринде киши колдуу каза болгону аныкталды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдирет.

Малыматка караганда, аял 1983-жылы туулган.

Киши өлтүрүүгө аны менен чогуу жашаган жаран шектелүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, шектүү Ички иштер министрлигинин кызматкери.

Окуя 28-июлдан 29-июлга караган түнү болгон. Шектүү "Тез жардам" кызматын чакырган. Киши өлтүрүү учурунда батирде аялдын жашы жете элек уулу да болгон.

Учурда шектүү кармалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13715