Бишкекте бир бөлмөлүү батирлер канча турат?
RU

Бишкекте бир бөлмөлүү батирлер канча турат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бир типтүү көп кабаттүү үйлөрдө бир бөлмөлүү батирди орто эсеп менен $30 миңге сатып алса болот. Kaktus.media кыймылсыз мүлктү сатуу сайттарындагы жарнамаларга анализ жүргүзүп ушундай жыйынтыкка келди.

Биз сатыкка коюлганына бир нече күн болуп, жарнаманы мүлк ээси койгон батирлерди гана карадык.

104-серия

Бишкекте 104-сериядагы көп кабаттүү үйлөр адатта 4-5 кабат болуп салынган. Мындай үйлөрдөгү бир бөлмөлүу батирдин аянты 30 кв.м.

20-апрелге карата, Бишкекте, 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы - $29 900.

105-серия

105-сериядагы көп кабаттүү үйлөр - бул беш жана тогуз кабаттуу панелдик үйлөр. Мындай батирлерде туалет менен ванна кошулган. Жалпы аянты 33 кв.м.

20-апрелге карата, Бишкекте, 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы - $30 300.

106-серия

106-сериядагы көп кабаттүү үйлөр жалаң 9 кабаттуу. Туалет менен ванна өзүнчө, ашканадан чыга турган лоджиясы бар. Жалпы аянты 35 кв.м.

20-апрелге карата, Бишкекте, 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы - $34 600.

Хрущевка

Калк арасында хрущевка деп аталып калган батирлер 2, 3, 4, 5-кабаттуу болуп салынат. Алар 1960-жылдары бүтүндөй союз боюнча салынган. Бишкекте көбүнчө үч жана төрт кабаттүү "хрущевкалар" кездешет. Бил бөлмөлүү батирдин аянты 28-31 кв.м.

20-апрелге карата, Бишкекте, 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы - $26 100.

Бир бөлмөлүү батирлерге болгон баалардын өзгөрүшү

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1371