Сузакта көзүнө бычак сайылып калган 9 жашар кызга операция ийгиликтүү жасалды
RU

Сузакта көзүнө бычак сайылып калган 9 жашар кызга операция ийгиликтүү жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта 9 жаштагы кыздын көзүнө бычак сайылып калган. Дарыгерлер ыкчам операция жасап, бейтаптын көрүүсүн сактап калышты.

Жеке клиниканын жетекчиси Гулбарчын Рахманова жазгандай, 9 жашар Ш. Х`га Жалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө ыкчам операция жасалды. Операция 1 сааттка созулуп, жыйынтыгында кыздын кареги сакталып, ийгиликтүү аяктады.

Облустук балдар клиникалык ооруканасы балдарды алардын ата-энелерин этият болууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13733