Жакында Ош облусунда тигүү, кездеме токуу фабрикалары ишке кирет
RU

Жакында Ош облусунда тигүү, кездеме токуу фабрикалары ишке кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда "ЕвроАзия ГРУПП" ири индустриалдык-логистикалык парк курулууда. Курулуштун жүрүшү менен Садыр Жапаров таанышып чыкканын президенттин администрациясынан кабарлашат.

Объекттин аянты 5 гектарды түзөт. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.

Долбоорго ылайык, объекттин аймагында үч өндүрүш аянты иштемекчи:

  • трикотаж кийимдерин тигүү фабрикасы;
  • трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы;
  • жип өндүрүү фабрикасы.

Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70%га аяктап калды.

Ушул жылдын IV кварталында 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө. Долбоор 2,6 миллион долларга бааланган. Тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат.

Трикотаж кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Долбоорго жактырылган каражат 18 миллион доллар.

Өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 миллион долларды түзөт.

Президент долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, мамлекет ар дайым ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, инвесторлорго, анын ичинен ички инвесторлорго, жагымдуу шарттарды түзүүнү улантарын баса белгиледи. Регионалдык өндүрүштөргө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Жергиликтүү бийликке фабриканын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13737