Бишкекте кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, бир адам жаракат алды
RU

Бишкекте кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, бир адам жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жеңил унаа менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен бир адам жаракат алганын Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалым болгондой, 30-июлда саат 13:00 чамасында Чүй менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz кичи автобусу менен Ford Mustang жеңил унаа сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен кичи автобустун жүргүнчүсү - 28 жаштагы жигит жаракат алды.

Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13739