Нарында спорттук бут кийим чыгарган ишкана ачылды. Сүрөт
RU

Нарында спорттук бут кийим чыгарган ишкана ачылды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Кочкор районунда "Жибек Жолу" бут кийим чыгаруучу ишкана ачылды. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн маалымдашкандай, компания спорттук бут кийимдерди чыгарат.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун айтымында, кытай инвесторлорун тартуу аракети менен ачылган ишканада 63 жумуш орду түзүлдү.

Учурда 1 линия менен күнүнө 2000 даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана болжол менен бир айда 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим өндүрө алат. Мында иштегендердин 17си кытайлык мастерлер болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар.

Ишкана Нарын Эркин экономикалык аймагынын субьектиси болуп эсептелет. Компанияны ачууга 2 миллион доллар түз инвестиция салынса, ремонт жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган. Чийки зат Кытайдан ташылат, Кыргызстанда тигилип, өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолот.

Учурда 1 линия иштеп жатса, ушул жылдын аягына чейин 2-3-линиялар ишке кирип, жумуш орундарын 2-3 эсеге көбөйтүү планы бар.

Жумушчуларга күнүнө 1000 сомдон айлык маяна, мындан сырткары тамак-аш берилет. Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук болүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгы түшөт. Ошондой эле социалдык фондго төлөмдөр төлөнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13752