Жарым жылда каржы пирамидасы боюнча 248 иш козголду
RU

Жарым жылда каржы пирамидасы боюнча 248 иш козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Тергөө кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 6 айында ички иштер органдары тарабынан каржы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракети боюнча 248 кылмыш иши тергелди. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 100 материал сотко жөнөтүлүп, калгандары боюнча иликтөө иштери уланууда.

ИИМден билдиришкендей, жарым жылда 248 адам арыз жазган.

Жогоруда тергелип жаткан иштерге турак жай кооперативи жөнүндө фактылар боюнча маалыматтар кошулган жок.

Милицияга кайрылган жарандардын баары өткөн жылдардагы каржы пирамидасынын курмандыктары. Бүгүнкү күндө айрым каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү бөгөттөлгөн.

  • "Финико" каржы пирамидасынын ишмердүүлүгү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергелип жаткан кылмыш иштеринин жалпы саны 141, келтирилген материалдык чыгым 8 млн 45 миң сом, ошондой эле 1 млн 687 миң доллар жана башка эпизоддор боюнча 711 миң сом.
  • World Business Consulting каржы пирамидасы боюнча 12 кылмыш иши тергелген, жарандарга 301 миң долларынан ашык зыян келтирилген.
  • "Ихсан ЛТД Групп" боюнча 1 кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген зыян 870 миң сом.
  • NWORK боюнча 1 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгым 870 миң сомду түзүп, келтирилген зыяндын орду толтурулган.
  • "Докодемо" боюнча 25 кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген зыян 1 миллион 379 миң сом.
  • "ОК платформа" боюнча 67 кылмыш иши тергелип, материалдар андан ары кароо үчүн сотко жөнөтүлдү. Келтирилген чыгым 23 миң доллар.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13757