Жүк ташуучу унаанын айдоочусу башка айдоочуну арматура менен коркуткан видео тарады
RU

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу башка айдоочуну арматура менен коркуткан видео тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортунун жолунда жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил унаанын айдоочусун арматура менен чабууга аракет кылды. Анын бул аракети видеого жазылып калган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, VOLVO унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып алып башкаларга тоскоолдук жараткан.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолду тосуп, жеңил унаанын айдоочусуна кол салганга аракет кылган. Жеңил унаанын айдоочусу буйтап өтүп кеткен.

Инспекторлор VOLVO`нун айдоочусун аныктап, ага 188-берененин 5-бөлүгү жана 192-берененин 1-бөлүгү менен жалпы 25 миң сом айып салынды. Ал эми транспорт айып короосуна токтотулду.

Айдоочу менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13764