УКМК кызматкерлери жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү деген балдарды кармады
RU

УКМК кызматкерлери жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү деген балдарды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК органдары тарабынан этностор аралык негиздеги чыр-чатактардын чыгышынын себептерин жана шарттарын аныктоо, улуттар аралык негиздеги мыйзамсыз аракеттерге жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүдө. Анын алкагында улутчул топтун мүчөлөрү кармалганын коопсуздук комитеттен кабарлашат.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан.

УКМК тарабынан 330-берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын кызматтын кызматкерлери топтун үч мүчөсү - Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р`ны кармашты.

Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынган. Балдар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Бул адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо УКМКнын ишеним телефонуна (0312 66 04 75) кабар берсе болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13769