Бишкекте коронавирустук инфекциянын айынан 15 мектеп жана 11 класс жабылды
RU

Бишкекте коронавирустук инфекциянын айынан 15 мектеп жана 11 класс жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-апрелге карата 45 окуучуда коронавирус инфекциясы катталып, анын ичинен бир окуучуда пневмония тастыкталды. Бул тууралуу 22-апрелде өткөн борбор шаардын мэриясынын брифингинде билим берүү башкармалыгынын төрайымы Гүлмира Акматова маалымдады.

Анын айтымында, 24 мугалим коронавирус оорусун жугузган, 6 мугалимде пневмония катталды.

"3746 окуучу жана 38 мугалим Курч респиратордук вирустук инфекция жугузушкан", - дейт Акматова.

Азыркы тапта 15 мектеп толугу менен жана 14 мектептин 11 классы кайрадан онлайн-окутуу форматына өтүштү.

Ата-эненин арызынын негизинде 1607 окуучу үйдөн билим алып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1376