Нарында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Нарында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунда бүгүн, 2-августта жер титиреди. ӨКМдан маалымдашкандай, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетти.

Такталгандай, бүгүн саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилди.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13770