Түркияда кыргызстандык айымды унаа сүзүп, ал каза тапты
RU

Түркияда кыргызстандык айымды унаа сүзүп, ал каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анталияда кыргызстандык айымды жөө адамдар өтүүчү тилкеден унаа коюп кетти. Натыйжада жабырлануучу каза болгонун Bismilhaber билдирди.

Окуя бүгүн, 2-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кепез аймагында болгон. 30 жаштагы Ада Шурбекова жолдон өтүп бара жатканда аны унаа коюп, бир нече метрге учуп кеткен.

Окуя болгон жерде "Тез жардам" кызматы иш алып барып, жабырлануучуну ооруканага жеткирген. Бирок ал ооруканада каза болгон.

Айдоочу полиция тарабынан кармалып, бул факты боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13780