Ысык-Көлдө катуу шамал көл жээгиндеги кол чатырларын учуруп кетти
RU

Ысык-Көлдө катуу шамал көл жээгиндеги кол чатырларын учуруп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамчыдагы пляждардын биринде катуу шамал жээктеги кол чатырларды учуруп кетти. Бул окуянын видеосун күбөсү өзүнүн TikTok каналына жайгаштырган.

Окуя 2-август күнү түштөн кийин болгон. Башка күбөлөрдүн айтымында, эс алуучуларга булут жакындап калгандыктан кол чатырларын жабууну суранышкан. Бирок баары укпай, катуу шамал кол чатырларды учуруп кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча, эч ким жабыркаган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13782