Сузакта сексуалдык кызмат көрсөтүү, баңгизат колдонуучу көмүскө жай аныкталды
RU

Сузакта сексуалдык кызмат көрсөтүү, баңгизат колдонуучу көмүскө жай аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга мүмкүнчүлүк берген көмүскө жай аныкталып, уюштуруучусу кармалды. Маалыматты ИИМден кабарлашты.

Май айынын аягында Сузак РИИБге Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү, баңгизат жана психотроптук каражаттарды колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Бул маалымат 160-беренеде "Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү" каралган кылмыштын белгилери менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында объективдүү жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында Сузак РИИБдин Тергөө кызматы топтолгон материалдарды ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан 1993-жылы туулган Т. кармалды. Ал пайда табуу максатында сексуалдык кызмат көрсөтүү, баңгизат жана дары-дармек каражаттарын колдонгон жайларды уюштургандыгы аныкталган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13787