Борбордук Азиядагы Америка университети жаңы президент дайындалганын маалымдайт
RU

Борбордук Азиядагы Америка университети жаңы президент дайындалганын маалымдайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин (БААУ) Кам көрүүчүлөр кеңеши профессор Тимоти Эдвард О"Коннордун университеттин жаңы президенти болуп дайындалгандыгын кабарлайт.

Профессор О"Коннор чыныгы академиялык жана административдик лидерликтин принциптерин кармануу менен өз карьерасын курган. Профессор 30 жылдык окутуучулук иш тажрыйбасына ээ болуп, анын 20 жылын Түндүк Айова университетинде тарых боюнча профессор катары эмгектенген. 12 жылдан ашуун Тимоти О"Коннор МИСИС (Болот жана эритмелердин Москва мамлекеттик институту) илим жана технологиялар университетинин билим берүү ишмердүүлүгү боюнча проректорунун милдетин аркалаган. Ошондой эле профессор 6 китептин, ондогон макалалар менен публикациялардын автору болуп саналат.

БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдир жаңы дайындоо тууралуу маалымдап жатып төмөнкүлөрдү белгиледи.

"Биз профессор О"Коннордун Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин президенттик кызматын ээлөө сунушунбузду кабыл алганына кубанычтабыз. Профессордун чыгаан эмгек жолу жана өзгөрүлгүс Эл аралык билим берүүнү жактоосу өзүн жакшы жактан көрсөткөн лидерлик сапаттар менен Университеттин миссиясын алга жылдыруудагы бекем чечкиндүүлүгүнүн мыкты синергиясын камсыздайт".

Өз кызматына киришип жатып профессор Тимоти О"Коннор төмөнкүчө ой бөлүштү.

"Мен мындай оңой эмес мезгилде Борбордук Азиядагы Америкалык университетин жетектөө мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычтамын. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана камсыздайт. Өмүр бою билим алуу, эл жыргалчылыгы үчүн кызмат өтөө жана келечек муундун жыргалчылыгы үчүн туруктуу бекем өнүгүүгө каалоосу күч ар кандай тажрыйбага жана дүйнө таанымга ээ адамдар үчүн жолугушуу үчүн шарт түзүп берет. Мен Университеттин сонун окутуучулары жана кызматкерлери менен иш алып баруу мүмкүнчулүгүн чыдамчыздык менен күтүүдөмүн. Ошондой эле студенттер менен көп айлар жана жылдар аралыгында өз-ара аракеттенишүүгө даярмын".

Борбордук Азиядагы Америкалык университети - бул гуманитардык илимдердин салттарына негизделген жана ишмердүүлүк жүргүзгөн Эл аралык дисциплиналар аралык окуу жайы. Билим берүү ишмердүүлүгү өзүнө даярдоо программасын (Жаңы мууну академиясы), бакалавриат жана магистратура программаларын, ошондой эле БААУнун Инновациялык колледжинин программаларын камтыйт. БААУ Бард-колледж менен көп жылдык өнөктөштүктүн натыйжасында даражаларды ыйгаруу менен АКШда аккредитацияланган гуманитардык илимдер боюнча программаларды сунуштайт.

Бард-колледждин президенти Леон Ботштейн буларды белгиледи. "Профессор О'Коннор ишине берилген педагог жана гуманитардык жана табигый илимдер тармагында билим берүүгө карата интенсивдүү ыкманын активдүү жактоочусу болуп эсептелет. Өзгөчө анын Эл аралык билим берүү тармагындагы иш-аракеттерин белгилеп кетким келет. Профессор О'Коннордун дайындалышы мыкты чечим катары көрүнүп жатат. Андыктан биз БААУ менен Бард-колледждин кызматташуусу тереңдейт деген үмүттөбүз".

Профессор О'Коннор Бард-колледждин аткаруучу вице-президенти жана академиялык маселелери боюнча вице-президенти профессор Джонатан Бекерди алмаштырат. Ал БААУнун президенттик кызматын 2021-жылдан бери ээлеп келген. Профессор Бекер БААУнун кызыкчылыгы үчүн активдүү ишмердүүлүгүн Университеттин Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү катары уланта бермекчи.

Профессор Бекердин корутундусу: "Мен професоор Тимоти О'Коннор менен 20 жылдан бери таанышмын жана БААУнун президенттик кызматына аны мыкты талапкер деп эсептейм. Профессор О'Коннор - АКШ жана Россияда жетектөөчү академиялык кызматтарды аркалаган тажрыйбалуу администратор жана ошондой эле өз ишине берилген Эл аралык агартуучу. Анын тажрыйбасы менен билим берүүнүн күчүнө ишеними БААУда жаратылган нерселердин баарын андан-ары өнүктүрүүгө жол ачат".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13791