Түптөгү сел жүргөн айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

Түптөгү сел жүргөн айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында 2-августта сел жүрүп, үйлөрдү, короолоду суу каптаган. Түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында айыл аймагынын башчысынын буйругу менен бүгүн, 3-августта айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого 3 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Мындан сырткары авариялык куткаруу автоунаасы, 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 3 экскаватор жеринде тазалоо жумуштарын жүргүзүүдө.

ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын райондорунан 62 аскер кызматкер жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматынан 50 адам тазалоо иштерине чыгышкан. Буга кошумча 2 аценизатордук унаа, 80 аскер кызматкери тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13794