Кыргызстанда COVID-19дун британиялык штаммы аныкталды
RU

Кыргызстанда COVID-19дун британиялык штаммы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда коронавирустун британиялык штаммы аныкталды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктады.

Жакында эле Россиялык лабораториядан анализдердин жыйынтыктары келди. Ал изилдөөгө ылайык Кыргызстанда британиялык COVID-19 бар.

Изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жугузгандардын арасында индиялык, түштүк африкалык жана россиялык штаммдар бар экени аныкталды, деп ведомство кошумчалады.

Британиялык штамм жогорку контагиоздуулугу (башкача айтканда өто жугуштуу жана тез тарайт) менен айырмаланат. Ал Өзбекстан жана Казакстандын аймагында аныкталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери Кыргызстанда да бул штамм бар, деп шекшип жүрүшкөн. Бирок министрлик чет элдик лабораториялардын корутундусун күтүп расмий билдирүү жасай элек болчу.

Саламаттыкты сактоо министрлиги профилактикалык чараларды дыкат сактоого чакырат:

  • бет кап тагынуу;
  • социалдык аралыкты сактоо;
  • антисептик колдонуу;
  • оорунун белгилери пайда болсо дароо дарыгерге кайрылуу;
  • өз алдынча дарыланбоо.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1379