Бишкектеги "Дубровский" рестораны мэриянын менчигине өттү
RU

Бишкектеги "Дубровский" рестораны мэриянын менчигине өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Дубровский" ресторанынын имараты мэриянын муниципалдык менчигине өттү. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Ресторандын ээлерине жер участокторун ижарага берүү укугун берүү боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин комиссиясынын чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылды. Автобустук линияны кеңейтүү зарылдыгына байланыштуу башка жер тилкесин берүү чечими кабыл алынды.

Бул чечимдин негизинде ресторандын ээлерине Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан болгон имаратты демонтаждоо тууралуу билдирүү тапшырылды.

Бирок ижарачы мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү каалоосун билдирип, келишимге ылайык, жалпы аянты 500 чарчы метрге жакын ресторандын имараты өткөрүлд. Ошондой эле аянты 0,37 гектар болгон мурда ижарага алынган жер тилкеси кайтарылды, имарат 48 млн 500 миң сомго бааланууда.

"Белгилей кетсек, ижарачы тарабынан эч кандай дооматтар жок. Бул жай муниципалитеттин максаттары үчүн колдонулат. Бишкек шаарынын мэриясы "Дубровский" ресторанынын ээлерине ыраазычылык билдирет", - дешти мэриядан.

Ресторандын администрациясынын өтүнүчү боюнча мекеме 2023 - жылдын 7-августуна чейин иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13800