Кыргыз эл акыны Омор Султановдун эстелиги тургузулду
RU

Кыргыз эл акыны Омор Султановдун эстелиги тургузулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ала-Арча" тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл акыны, ll жана lll даражадагы Манас орденинин ээси, залкар акын Омор Султановдун эстелиги ачылды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын эл жазуучулары, эл акындары, көрүнүктүү маданият ишмерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана жакындары катышышты.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" чыгармаларынын, "Улуу дайра", "Аралдар арасында", "Мухитке жол" китептеринин автору.

Султанов - кыргыз адабиятындагы өзгөчө акын. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн.

Улуттук кино өнөрүндө да анын салымы бар. "Кыргызфильм" киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип "Ак куулар конгон айдың көл" аттуу көркөм тасма жана "Төкмө", "Жазуучу" деген даректүү фильмдер тартылган.

Омор Султанов узакка созулган оорудан улам 87 жаш курагында дүйнө салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13805