Ошто курулуп жаткан асма көпүрөнүн бир бөлүгү кулап калды
RU

Ошто курулуп жаткан асма көпүрөнүн бир бөлүгү кулап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында курулуп жаткан асма көпүрөнүн бир бөлүгү кулап түштү.

Алдын ала маалыматка караганда, окуя 5-августка караган түнү болгон. Анда бетон куюлган опалубка туруштук бере албай калган.

Бул боюнча Ош шаардык мэриясы билдирүү жасады. Анда арматурадан каркас токуп бүтүп, бетон куюп баштаганда бир четинен кемчилик кеткен дешет. Мындан улам коюлган опалубкалар урап түшкөн.

Белгилесек, жөө адамдар өтүүчү асма көпүрө Масалиев жана Навои көчөлөрүндө курулууда. Курулуш иштери май айында башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13818