Оштогу жөө өтмөктүн курулушу: Комиссия текшерүү жүргүзөт
RU

Оштогу жөө өтмөктүн курулушу: Комиссия текшерүү жүргүзөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы жөө адамдар өтүүчү асма көпүрөнү курууда бетондун агып калышынан улам комиссия түзүлдү. Бул туурасында Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Ал белгилегендей, 5-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ыкчам түрдө Ош шаарына барды.

"Ош шаарында курулуп жаткан көпүрөнүн сапатын жана курулуш процессинде кетирилген каталарын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Мамкурулуш тарабынын кылдаттык менен аталган окуя боюнча териштирүүлөр жүргүзүлөт", - дейт Жыпаркулов.

Белгилесек, 5-августта асма көпүрөнү курууда опалубка туруштук бербей бетон агып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13826