Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп изделип жаткан ата менен кыздын сөөгү табылды
RU

Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп изделип жаткан ата менен кыздын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Арча капчыгайында атасы менен кызы дайынсыз болуп изделип жаткан. Бүгүн, 6-августта алардын сөөгү табылганын ӨКМдан ырасташты.

Маалым болгондой, 1982-жылы туулган М. Б. жана анын 2015-жылы туулган кызы 3-август күнү Ала-Арча тоосуна чыгып, андан кийин дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 6-августта издөө иштерине 9 куткаруучу, дрон менен 1 офицер жана туугандарынан 15 адам тартылган.

Куткаруучулар саат 15:30да эркек кишинин сөөгүн таап, суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми кызынын сөөгү кийинчерээк табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13830