Бишкекте түн ичинде атышуу болду. Окуянын катышуучулары аныкталды
RU

Бишкекте түн ичинде атышуу болду. Окуянын катышуучулары аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Чүй/Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде түндө ок атышуу болуп, окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Бул боюнча милиция текшерүү иштерин баштап, учурда 5 адам кармалды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май РИИБинен Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Такталгандай, 7-августта болжол менен саат 4:00 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт кызматына билдирүү түшүп, Чүй/Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ок чыгарганы кабарланган.

Бул факты электрондук журналга катталып, сотко чейинки тергиштирүү башталды.

Жерине барган ыкчам топ 1995-жылы туулган А.Р., С.А., 1988-жылы туулган Т.Ф., 1983-жылы туулган И.А. жана 1985-жылы туулган А.А. аттуу окуянын катышуучуларын аныктап, тергөө кызматына жеткирди.

Окуяга катышкандардын аракетине юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13836