Салык кызматы 2,3 млн салык декларациясын жок кылды. Сүрөт
RU

Салык кызматы 2,3 млн салык декларациясын жок кылды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык кызматы бүгүн, 7-августта жеке жактар тарабынан берилген бардык салык декларацияларын жок кылды.

Аталган мекемеден билдиришкендей, жалпысынан жеке жактардын 2 млн 377 миңден ашуун салык декларациялары жок кылынды. Анын ичинен:

  • 1 млн 503,1 миң декларация - ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактарга;
  • 321,5 миңи – салык салынуучу кирешеси жокторго (жөнөкөйлөтүлгөн);
  • 553,1 миңи – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жана ээлеген жактарга таандык.

Жеке жактардын кагаз жүзүндөгү декларациялары атайын аппарат – инсинератордо өрттөө жолу менен жок кылынды. Процесс Салык кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигинин, ведомстволор аралык комиссиянын жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Электрондук декларациялар "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси тарабынан жок кылынды.

"Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамы жеке жактар тарабынан берилген салык декларацияларын жок кылууга кепилдик берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13845