Ысык-Көлдөгү айылдарда сел жүрдү. Видео
RU

Ысык-Көлдөгү айылдарда сел жүрдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-августта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдарда сел жүрдү.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 16:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган.

Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында Түп райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Учурда аталган айылдарда 41 куткаруучу иш алып барууда. Мында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.

Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13847