"Айыл Банк" жаш балдардын реабилитациялык борборуна гуманитардык жардам көрсөттү!
RU

"Айыл Банк" жаш балдардын реабилитациялык борборуна гуманитардык жардам көрсөттү!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын июль айында "Айыл Банктын" жана "Кыргызстандын Кызыл жарым ай" коомунун колдоосу менен Талас шаарындагы "Теңир-Колдо" реаблитациялык борборунун балдар аянтчасын көрктөндүрүү долбоору ишке ашырылды. Бул долбоордун алкагында өзгөчө балдар үчүн кум аянтчасына чатыр, тротуар, отургучтар жана тосмолор орнотулду. Банктын атынан 104 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

"Теңир Колдо" - Талас шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору. Ал бул аймактагы аутизм, ДЦП жана Даун синдрому бар балдардын үй-бүлөсүнө, аларга жооптуу адамдарга жардам берген жалгыз мекеме. Бул борбор 30 балага ылайыкташтырылып, ата-энелерге мүмкүнчүлүгү чектелген бала менен иштөө көндүмдөрүн үйрөтүүгө багытталган.

"Айыл Банк" адамдарга бир гана каржылык чечимдерди түзбөстөн, өлкөнүн муктаж болгон мекемелерине социалдык жардам көрсөтүүгө аракет кылат.⠀

"Жаңы курулган аянтча өзгөчө балдарга жаркын, бактылуу көз ирмемдерди тартуулайт деп ишенебиз", - дешет банктан.

"Айыл Банк" - сиздин социалдык жооптуу Банкыңыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13853