Бүгүн Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы келет
RU

Бүгүн Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-апрелде, Кыргызстанга Россияда иштелип чыккан коронавирустук инфекцияга каршы "Спутник V" вакцинасынын алгачкы партиясы келет. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүу министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия 1 млн вакцинанын дозасын алуу боюнча макулдашышкан. Экономика жана финансы министрлиги 240 млн бөлүп берип, өкмөт бул каражатты төлөдү.

"Бир дозанын баасы $10 түзөт. Бир партия 20-30 миң доза болуп келип турат. Кыргызстанга британиялык штамм келди, ошондуктан сөзсүз вакцинациядан өтүү керек", - деди ведомствонун жетекчиси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1385