Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү ири өлчөмдө акча алганга шектелди
RU

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү ири өлчөмдө акча алганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан кримтөбөл Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды. Коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, ал ири суммадагы акча каражатын алууга шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, буга чейин УКМК тарабынан 208-берененин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында мурда үч жолу соттолгон, учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-жылы туулган Нарын облусунун тургуну О.уулу Н. кармалды.

Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган О.уулу Н. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13864