Бишкекте жүргүнчүлөргө отвертка менен тап берген жарандын видеосу тарады
RU

Бишкекте жүргүнчүлөргө отвертка менен тап берген жарандын видеосу тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка №199 маршруткадагы жүргүнчүлөр менен урушуп, отвертка менен коркуткан белгисиз жарандын видеосу тарады.

Маалыматка караганда, видео 8-августа тартылган. Анда чөнтөкчү жүргүчүлөрдүн биринин телефонун уурдап жатканда кармалып калган. Жүргүнчүлөр чөнтөкчүнү кармап, милицияга өткөрүп беребиз дегенде шериги жардамга келген. Алардын бири колундагы отверткасы менен тап берген. Мындай аракети менен алар качып кетишкен.

Бишкектин Ленин РИИБинен интернетке тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын, кеңири маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13868