Чүйдө жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, дагы 4 адам жаракат алды
RU

Чүйдө жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, дагы 4 адам жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Жайыл районунда эки унаа кагышып, айдоочунун бири каза болду. Дагы 3 адам жаракат алганын Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.

Окуя 9-август күнү болжолу менен саат 12:30 чамасында болду. Анда Кара-Балта-Степное жолунда Toyota Carina унаасы карама-каршы тикедеги Mercedes Benz менен сүзүштү.

Кырсыктын кесепетинен Toyota Carina унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден көз жумуп, жаракат алган 3 адам Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди.

Жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13888