Бишкекке "Барселонанын" легендалары келет. Алар "Азия" командасы менен беттеш өткөрөт
RU

Бишкекке "Барселонанын" легендалары келет. Алар "Азия" командасы менен беттеш өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөгө таанымал "Барселона" клубу футбол жана спорт маданиятын өнүктүрүүчү JALGROUP ASIA компаниясы менен "Кыргызстандагы Барса тажрыйбасы" аттуу долбоорду иштеп чыгуу боюнча кызматташууга кол койду. Бул долбоорду колдоо максатында легендарлуу клубдун оюнчулары Кыргызстанга конокко келишет деп айтылат клубдун расмий сайтында.

Жогорудагы долбоор көп жылдык. Анын алкагында Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында "Барселона" клубунун футбол академияларын ачуу каралган.

Ал эми 30-августта Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо "Барсанын легендалары" командасы менен "Азия Легендалары" командасы беттешет. Оюнга "Барселонанын" мурдагы оюнчулары Жулиано Беллетти, Лодовик Жули, Рональд де Бур, Сержи Бархуан, Джовани да Силва, Хуан Карлос Родригес жана Хуан Антонио Гойкоэчеа катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13897