Ысык-Көлдө 3 унаа сүзүшүп, айдоочу каза тапты. Дагы 6 адам жабыркады
RU

Ысык-Көлдө 3 унаа сүзүшүп, айдоочу каза тапты. Дагы 6 адам жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 10-август күнү 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунда болду.

Алдын ала маалымат боюнча, Volkswagen Vento унаасы жогорку ылдамдыкта бара жатып, каршы тилкеге чыккан. Натыйжада Chevrolet менен сүзүшүп, андан ары Lexus LX470 унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Vento унаасынын айлоочусу каза болуп, башка унаалардагы 6 адам жаракат алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13902