Бишкекке газ менен жүрүүчү 50 автобус келет
RU

Бишкекке газ менен жүрүүчү 50 автобус келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке газ менен жүрүүчү автобустардын биринчи партиясы келет. Борбор калаа башкармалыгынан кабарлашкандай, Кытайдан 50 даана жаңы автобус жөнөтүлдү.

Жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин Бишкек шаарынын калкты тейлөө линиясына чыгары мерчемделген.

Zhong Tong Bus компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 автобусту жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 автобус 2024-жылдын 1-кварталында келет.

Эскерте кетсек, буга чейин ZHONGTONG BUS HOLDING CO., LTD LCK6105 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу 1000 автобусту жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13908