ЖККББ: Бишкек-Чолпон-Ата жолундагы кырсыктардын 90%ы айдоочулардын күнөөсүнөн болууда
RU

ЖККББ: Бишкек-Чолпон-Ата жолундагы кырсыктардын 90%ы айдоочулардын күнөөсүнөн болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолундагы кырсыктардын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн болууда. Мындан улам дем алыш күндөрү аталган багыттагы трассада көзөмөл күчөтүлөт дешет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

Акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына каттаган айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда. Себеби айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, ылдамдыкты ашыра айдап, каршы тилкелерге чыгып, эрежелерди толук сактабай, жол кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда.

Ошондуктан дем алыш күндөрү:

  • Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча кошумча постторду коюу менен жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт.
  • Кечкисин жол тыгындарын алдын алып, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салынат.
  • Айрыкча ылдамдыкты ашырып айдагандарга, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында транспорт каражаттарын айдаган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13910